Кой-Таш аскердик бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан Азамат Керимбаев токмоктун айынан каза болду

Бүгүн, 29-апрелде Чүй облусунун Кой-Таш айылындагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан Азамат Керимбаев каза тапты. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан 35 жаштагы сержант Керимбаев аталган аскердик бөлүктө кызмат өтөгөн 21 жаштагы Мейманбек уулу Данияр менен бирге аскердик бөлүктүн жанындагы үйлөрдүн биренен арак ичип отурган. Көп өтпөй экөө уруша кетишип, Керимбаев катуу токмок жеген. Башынан алган оор жаракаты менен Чүй облустук ооруканасына жеткирилип, бирок эсине келе албаган бойдон көз жумду. Учурда болуп өткөн окуя боюнча аталган министрлик тарабынан териштирүү иштери башталды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazira1989
2013-04-29 18:01:20
ААта-Энеси сыздап отургандыр,кааап.
0
kurstan_810502
2013-04-29 23:38:49
Кызмат отоп аскерлердин токмок жеп майып болгондорун айтышпайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан