Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова 3 сааттан бери Улуттук коопсуздук комитетинин сурагынан чыга элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын адвокаты Улан Жумаков билдирди.
Анын айтымында, УКМКнын имаратынын жанына адамдар чогула баштады. Салянова суракка саат 17:40та кирген.
2016-жылдын декабрь айында депутат Аида Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. А.Салянова "юстиция министри болуп иштеп жатканда кылмыштарды жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзүүдө.
Алексей Елисеев Максим Бакиевдин жакын адамы болгон.