Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова Улуттук коопсуздук комитетинин сурагынан чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын адвокаты Улан Жумаков билдирди.
Анын айтымында, Салянова суракка саат 17:40та кирип, 22:20 чамасында чыкты. Бул убакыттын ичинде УКМКнын имаратынын жанына Салянованы чыгаруу талабы менен 60ка жакын адам чогулган. Алардын арасында депутат Өмүрбек Текебаев, Наталья Никитенко болду.
Никитенко УКМКга кирүүгө аракет жасаганда, аны киргизбей коюшту. Никитенконун айтымында, 4 сааттан ашуун убакытка суракка алуу - бул адамдын укугун бузуу.
Депутат Текебаев Саляновага карата козголгон кылмыш иши саясий буйрутма экенин айтты.
Аида Салянова суракта эмне болгонун ачыкка чыгарбоо тууралуу документке кол койгонун айтып, журналисттерге комментарий берген жок.
2016-жылдын декабрь айында депутат Аида Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. А.Салянова "юстиция министри болуп иштеп жатканда кылмыштарды жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзүүдө.
Алексей Елисеев Максим Бакиевдин жакын адамы болгон.