Жалал-Абад шаарында каналга түшүп кеткен адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
1-февраль күнү саат 09:15 чамасында Жалал-Абад шаарындагы Манас көчөсүнүн №16-үйүндөгү 21-батирдин тургуну мас абалда каналга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат Куткаруу кызматына түшкөн. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, каналга түшүп кеткен жарандын жансыз денесин чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.