"Сирияга барып согушуп, өлкөгө кайтып келген Кыргыз жарандарынын канчасы жоопко тартылды?” - деп бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында "Бир бол" фракциясынан депутат Бакирдин Субанбеков сурады.
"Башка өлкөлөрдө иштеп жаткан жаштарыбыз Түркия аркылуу Сирияга барып, согуш аймагында жүрүшөт. Ички иштер министри "2016-жылы 500гө жакын Кыргыз жараны Сирияда жүрөт" деген маалыматты берген. Бүгүнкү күндө Сирияда канча Кыргыз жараны бар? Канчасы кайтып келди, канчасы жоопко тартылды? Бул суроолорго тийиштүү органдар жооп бериш керек. Бул маселеге биз анча маани бербей жатабыз", - деди депутат.
Мындан тышкары ал жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү мындай көйгөйдүн алдын алуусу керектигин баса белгиледи. "Кыргыз жарандарына массалык маалымат каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл", - деди Субанбеков.