Депутаттар "Газпром" компаниясы Кыргыз мамлекетине убадалаган иштерди жасабай жатканын айтышты.
"2014-жылы "Кыргыз газ" ишканасы сатылып жатканда бир топ убадалар берилген. Газдын баасы 1,5 эсе арзандамак, кана арзандаганы? Өлкө аймактарына газ жеткирүү иши да жарытылуу жүргөн жок. Түндүк-түштүк газ түтүгү курулат дешкен, кана курулганы? Өкмөт келишимдердин аткарылышын көзөмөлгө алышы керек. "Газпром" берген убадасын аткарабы же аткарбайбы? Аткарса, качан жана кантип аткара турганын ачык айтсын", - деди депутат Зиядин Жамалдинов.
“Кыргыз газ” ишканасын Орусияга сатуу келишимине 2014-жылы кол коюлган. Муну менен "Кыргыз газ" бардык карыздары жана активдери менен кошо (газ түтүктөрү, газ бөлүштүрүүчү станциялар жана башкалар) "Газпромго" шарттуу түрдө 1 долларга сатылган. Макулдашууга ылайык, "Газпром" Кыргыз Республикасын үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылууну, мамлекеттин газ берүү системинде оңдоп-түзөө иштерин жасоону, 5 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын газ тармагына 20 миллиард рубль инвестиция салууну моюнга алган.