Кыргыз жеринде батирлерди сааттык жана суткалык мейманкана катары иштетүүгө тыюу салган мыйзам башка багытта иштеп жатат. Бул тууралуу 2-февралда депутат Кожобек Рыспаев айтып чыкты.
"Өкмөт тезинен атайын жобо иштеп чыкпаса, мыйзам тескери колдонулуп жатат. Бул мыйзам батирди саатына жана суткасына берүүгө тыюу салуу үчүн гана чыккан. Ал эми өлкөгө 2-3 күнгө келген туристтерге мунун тиешеси жок. Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү айрым мейманканаларды "крыша" болуп калкалап, "крышасы" жок мейманканалардын азабын жедиртип жатат деген маалыматтар түшүүдө. Мыйзам иштеш үчүн көңүл бөлүп, тез арада жобо иштеп чыгышы керек", - дейт депутат.