Жанар Акаев Дубайда эс алган бажы кызматкерлери тууралуу: "Карга карганын көзүн чокубайт"

Кыргыз өлкөсүндө коррупция менен күрөшүү мыкты жүрбөй жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев (КСДП) билдирди.

Анын айтымында, коррупциянын деңгээли боюнча дүйнөлүк рейтингде 2016-жылы Кыргыз мамлекети артка кеткен. "Мындай нерсе бардык бийлик бутактары үчүн коңгуроо болушу керек эле, бирок коррупциялык көрүнүштөргө көз жумулуп жатат", - деди Акаев.

"2016-жылы Бажы кызматы планды 2 миллиард 837 миллион сомго аз толтурду. Демек, бюджетке бул көлөмдөгү акча түшпөй калды. Буга карабастан бажы кызматкерлери Жаңы жылды Дубайдан, Түркиядан тосуп келишкен. Өкмөт аларга карата чара көрүш керек. Башка өнүккөн өлкөлөрдө мындайга жол берилбейт эле", - деп нааразы болду депутат.

"Өлкөбүздө ата-энелер балдарын Бажы кызматына ишке орноштургусу келет, анткени "бул мекемеде пара алып байып, үйлүү жана унаалуу боло алат" деген ой эл арасында терең сиңип калган. Бажы кызматы эң майлуу мекеме экени айтылууда. Бул жердеги коррупция менен күрөшүү болбойт, анткени карга карганын көзүн чокубайт", - деген пикирин билдирди Акаев.

Айта кетсек, Бажы кызматынын жетекчилери үй-бүлөлөрү менен Жаңы жылды чет өлкөдөн тосуп келгени парламентте сынга кабылган. Бул мекеменин башчысы Азамат Сулаймановдун айтымында, 31-декабрда Бажы кызматынын 232 кызматкери эмгек өргүүсүндө болгон. "31-декабрда 4 кызматкерибиз чет өлкөдө эс алууда болгон. Январда 9 кызматкер чет өлкөгө чыккан. Алар Кытайга, Орусияга, Казакстанга, Түркияга, Бириккен Араб Эмираттарына барышкан. Ар бир кызматкер чет өлкөгө чыгар алдында каттоо китепчесине кол коюп, өзүн кандай алып жүрүү эрежелери боюнча маалымат алат. Бул маселе боюнча кемчиликтер бар. Ошолордун моралдык-этикалык жагын карап чыгуу боюнча көрсөтмө жөнөттүк. Ардагерлердин жыйынында тартипти бекемдөө боюнча маселе көтөрүлмөкчү", - деген Сулайманов.

Парламенттик комитеттин мүчөлөрү андан чет өлкөгө чыккан кызматкерлердин аты-жөнүн жарыялоону талап кылышкан. Бирок Бажы кызматынын расмий интернет-сайтында Жаңы жылды чет өлкөдөн тоскон бажы кызматкерлеринин тизмеси жайгаштырылган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан