Эльвира Сариева президенттик аппараттын башчысынын орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун 2-февралда президенттик аппарат кабарлады.
Сариева буга чейин президенттик аппараттын cоциалдык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.
2014-жылы социалдык тармак боюнча вице-премьер-министр, 2014-жылдын декабрынан 2016-жылдын октябрына чейин билим берүү жана илим министри болуп иштеген.
Эльвира Сариева 1975-жылдын 27-августунда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жарык дүйнөгө келген. 1998-жылы Бишкек гуманитардык университетин, 2000-жылы British Broadcasting Corporation (Маалымдоо мектеби), 2002-жылы КРнын Президентине караштуу Башкаруу академиясын, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Юридикалык академияны аяктаган. Көп жыл эл аралык уюмдарда иштеген, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон.