Мира Карыбаева Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун 2-февралда президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлады.
Мира Карыбаева Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген. Ошондой эле президенттик аппараттын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.