Чыныбай Турсунбеков Орусия парламентинин комитет төрагасы менен өлкөлөрдүн кызматташтыгын сүйлөштү

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 1-февралда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын комитет төрагасы Леонид Калашниковду кабыл алды. Кыргыз Республикасы менен Орусиянын кызматташтыгы активдүү өнүгүп баратканын белгилеген Турсунбеков: "Кыргыз-Орус парламенттер аралык кызматташтыгынын негизги милдети - эки тараптуу келишимдердин аткарылышын мыйзамдык жактан колдоо", - деп билдирди.

Ал эми эки мамлекет ортосундагы экономикалык байланыштарга токтолгон Калашников: "Евразия экономикалык биримдигинин алкагында мамлекеттердин өнүгүшүнө тоскоолдук жараткан бир катар көйгөйлөр бар. Андыктан аларды талкуулап, маселелерди чечүү жолдорун аныкташыбыз керек", - деди.

Тараптар эки өлкө кызматташтыгынын келечеги тууралуу да баарлашып, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттер аралык ассамблеясынын алкагында байланыштарды күчөтүү зарылчылыгы жөнүндө сөз кылышканын билдирди Жогорку Кеңештин маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан