Сооронбай Жээнбеков: "Өкмөттүн 2017-жылдагы башкы милдети - экспортту өнүктүрүү"

Өкмөттүн 2017-жылдагы башкы милдети - экспортту өнүктүрүү. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда парламентте премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, айыл чарба продукцияларын экспортко чыгаруу үчүн зарыл механизмдердин баары иштелип чыгат.

"Кыргыз-Казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөлдү алып салуу - биздин артыкчылыктуу багыттардын бири. Биз Армениянын тажрыйбасын эске алып, Дүйнөлүк соода уюмуна жана ЕАЭБге тиешелүү милдеттерибизди бири-бирине шайкеш келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз", - деди премьер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан