Коргоо кеңешинин катчысы: "Коррупция менен күрөшүүдө мамлекеттик мекемелер тоскоолдук кылып жатышат"

"Мамлекеттик мекемелер тоскоолдук жасашпаганда, өлкөдө коррупция менен күрөшүү алдыга жылмак", - деди бүгүн, 2-февралда маалымат жыйынында Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров.

"Коррупционерлер пара алуунун жаңы ыкмаларын ойлоп табышууда. Мамлекеттик мекемелерде коррупция менен күрөшүүдө тоскоолдукка кабылып жатабыз. Мекемелер коррупцияга каршы иш-чаралардын маңызын бурмалап жатышат. Бул маселелерди чечүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп жатабыз", - деди Жумакадыров.

Мындан тышкары ал 20 жыл ичинде өлкөдө коррупция менен күрөшүү сөз түрүндө эле жүргүзүлгөнүн баса белгиледи. "Көп сөз айтылчу, бирок иш болгон эмес. 2012-жылы коррупцияга каршы саясат боюнча стратегиянын кабыл алынышы пара алуу менен иш жүзүндө күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берген", - деп кошумчалады Коргоо кеңешинин катчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан