Өмүрбек Текебаев премьер-министрди "отставкага кетиңиз" деди

Парламентте депутат Өмүрбек Текебаев менен премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Өкмөт башчы парламентте саат 14:00гө чейин кала албасын, өкмөттө жыйын өткөрүшү керектигин айтты. Буга Текебаев: "Жыйыныңарды токтоткула! Эң чоң жыйын парламентте. Иштебей эле, "Кудай буюрса" деп отурасыңар. Бир да маселени чечкениңер жок. Бул жерде өлкөбүздүн тагдыры чечилип жатса, премьер-министр "кетем" деп жатат. Иштегиңиз келбесе отставкага кетиңиз", - деди.

Жээнбеков өкмөт колунан келген аракетти жасап жатканын билдирип, Текебаев туура эмес сүйлөгөнүн эскертти. Жыйынтыгында депутаттар суроо-жоопту токтотуп, ар бир фракцияга 5 мүнөттөн убакыт берүүнү чечишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан