КҮНСЕРЕП: Парламенттеги оппозиция премьерди "отставкага кет" деди

Бүгүн, 2-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар өкмөттү, айрыкча премьер-министр Сооронбай Жээнбековду катуу сынга алышты. Сессияда Кыргыз өлкөсүнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүнө арналган “Өкмөттүк саат” өтүп жаткан. Премьердин отставкага кетүүсү тууралуу сөздөр анын “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев менен кайым айтышуусунан кийин айтыла баштады. “Республика-Ата Журттун” лидери Өмүрбек Бабанов өкмөттүн тагдыры эртең фракциянын отурумунда талкууланарын айтса, “Өнүгүү-Прогресстин” лидери Бакыт Төрөбаев Сооронбай Жээнбековго өз каалоосу менен кызматтан кетүүнү сунуштады. Белгилей кетсек, бул 3 фракция тең парламенттик оппозицияга кирет. Коалициялык көпчүлүктөгү КСДП, “Бир бол” жана “Кыргызстан” премьер-министрдин отставкага кетиши маселесин козгошпосо да, жалпы өкмөттүн ишмердүүлүгүн сындоо иретинде пикирлерин айтып жатышты. Мындай сигналдар Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөттүн тарашы жакындап калганынын белгисиби? Өкмөттү жоюуга кандай негиздер бар?

Эң негизги себеп - бул Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБдеги потенциалды толук пайдалана албай жаткандыгы. Бул биримдикке кирер алдында өкмөт “өлкөбүздүн ишкерлери үчүн 180 миллиондук рынокко жол ачылат”, “өлкөдө ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлөт”, “чек арадагы тоскоолдуктар жоюлат” деген убадаларды айткан. Бирок реалдуулук көрсөткөндөй, Кыргыз мамлекетинин эли бул убадаланган пайданы көрбөй жатат. Мындан тышкары өкмөт кыш мезгилине начар даярданганы байкалууда. Мисалы, Нарын облусунда -30 градус суук болуп жатканда, базарларда көмүр жетишсиз болгонун өкмөттүн чоң күнөөсү деп депутаттар улам-улам айтып жатышты.

Өкмөттү отставкага кетирүүгө аракеттер ириде саясий кызыкчылыктардан улам жаралууда. Быйыл күзүндө президенттик шайлоо өтөт. Премьер-министрдин креслосунан президенттикке отуруу ыңгайлуу, административдик ресурстарды колдонууга мүмкүнчүлүк жаралат. Сооронбай Жээнбеков өзүн кризис менеджери катары көрсөтө албады. Мындай шартта аны КСДП президенттикке талапкер катары алып чыгары күмөн. Мындан улам Жээнбековдун ордуна премьерликке келчү адам эки ролдун бирин ойнойт: КСДПдан мураскер же шайлоо кампаниясы мезгилинде өлкөдө туруктуулукту сактоочу адам...

Кыргыз Республикасында коррупция менен күрөшүү тийиштүү деңгээлде жүрбөй жатат. Коррупцияны изилдөөчү "Transparency International" Эл аралык уюмунун рейтингинде 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкө 176 мамлекеттин арасынан 136-орунда турат. Кыргыз Республикасы менен чогуу бир катарда африкалык Нигерия, Ливан, Папуа - Жаңы Гвинея турат. Салыштырсак, 2015-жылдын жыйынтыгы менен Кыргыз мамлекети 167 өлкөнүн ичинен 123-орунда жайгашкан болчу. Бул рейтингдин ар бир мамлекет үчүн мааниси жогору. Ири инвесторлор кайсы бир өлкөгө кирерде бул көрсөткүчкө көңүл бөлөт. Коррупция менен күрөшүү күчөтүлбөсө, мамлекетке инвесторлордун келиши кыйын.

Өлкөдө бул багытта иш алып барып жаткан Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров аталган рейтингде 13 тепкичке түшкөндөн чочулабоого чакырды. Анын айтымында, өлкө буга чейинкидей эле деңгээлде коррупция менен күрөшүп жатат, бирок рейтингге жаңы мамлекеттер кошулгандыктан ылдый түшүү болду. Албетте, мындай түшүндүрүү менен инвесторлорду чакыруу мүмкүн эмес. Коррупцияны жоюуда системдик өзгөрүүлөр болуш керек. Жумакадыров айткандай, коррупция менен күрөшүүдө мамлекеттик мекемелер тарабынан тоскоолдук болуп жатат. Жумакадыров тоскоолдук жасап жаткан мекемелерди атаган жок, алардын катарында Мамлекеттик бажы кызматы болушу мүмкүн. Бул мекеме 2016-жылга планды 2 миллиард 837 миллион сомго аз толтурса да, анын жетекчилери үй-бүлөлөрү менен Жаңы жылды экзотикалык өлкөлөрдө тосушту. Бул жерде суроо жаралат: жетекчилерде чет өлкөгө барууга ашыкча акча кайдан чыкты? Тилекке каршы, ушул суроого жооп таап, бажы кызматкерлеринин мүлкүнүн санын аныктап, тапшырган декларацияларына жараша иликтеп чыга турган тийиштүү орган өз милдетин аткарбай жатат. Өкүнүчтүүсү - аларга депутаттардын да тиши өтпөй жаткан маал...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан