Чүй облусунда маңзат сатуу жана ташуу менен алектенген жаран кармалды

Чүй облусунда маңзат сатуу жана ташуу менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 1990-жылы туулган К.У. январь айынын ортосунда оперативдүү маалыматтардын негизинде кармалган. Анын унаасын текшерүү учурунда жалпы салмагы 1 килограмм 975 граммды түзгөн гашиш табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынган. Учурда ишти Сокулук РИИБинин тергөө бөлүмү иликтеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан