"Ата Мекен" фракциясы өкмөткө ишенбестик көрсөтүү үчүн кол топтоо аракетин баштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 2-февралдагы жыйынында фракция лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Депутат өкмөт Евразиялык экономикалык биримдик боюнча үмүттү актабаганын айтып жатат.
"Өкмөт өзүнө жүктөлгөн миссияны аткара албасы бүгүн белгилүү болду. Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушуна 1 миллиард доллар жумшоодо. Бул акчаны лабораторияларды курууга жумшаганда бүгүн Баткендин өрүгү Европада, Нарындын эти менен Чүйдүн сүтү Кытайда сатылып калмак", - дейт депутат.
Бүгүнкү парламент жыйынында премьер-министрди отставкага кетирүү сунушун "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев да айтып чыккан. Өкмөттү таратууга кызыкдар экенин Өмүрбек Бабанов баштаган "Республика-Ата Журт" фракциясы дагы билдирди. Бул маселени фракция 3-февралда талкуулай турганы күтүлүүдө.