Кыргыз Республикасы менен Швейцария, Лаос мамлекеттеринин ортосунда дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим киргизилет. Тийиштүү мыйзам долбоору 2-февралда Жогорку Кеңеште каралып, 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, келишим ратификацияланса, Кыргыз Республикасынын жогорудагыдай паспортко ээ жарандары Лаосто, Швейцарияда, аталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргыз жеринде 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.
Депутат Дастан Бекешев дипломатиялык жана кызматтык паспорттору бар адамдар үчүн эле эмес, карапайым жарандар үчүн визасыз жүрүү маселесин чечүү зарылдыгын белгиледи. ТИМдин өкүлү бул боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын, азыркы учурда Кыргыз жарандары айрым өлкөлөрдө жарандык паспорт менен жүрө ала турганын айтты.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргыз Республикасы 27 өлкө менен ушундай келишим түзгөн, азыр 13 мамлекет менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.