“Ата-энесин карылар үйүнө алып барып таштагандарды мамлекеттик кызматтарга алууга болбойт. Анткени өзүнүн ата-энесине жакшылык кылбагандар мамлекетке да жакшылык кылбайт. Аларды мамлекеттик кызматка албоону сунуштаган мыйзам долбоорун даярдоону көздөп жатам”, - деди депутат Тазабек Икрамов 2-февралда “Парламент” радиосунун түз эфиринде.
Депутат быйылкы Адеп-ахлак жана маданият жылында жаштарды ата-энени урматтоого үгүттөгөн иш-чаралар жеткиликтүү жүрүш керектигин айтат. “Улгайган жарандар жөнүндө” мыйзамдын 12, 18-беренелери аткарылбай жатканын, анда карыларга коммуналдык кызмат, медициналык тейлөө, коомдук унааларда жүрүү боюнча жеңилдиктер каралганын кошумчалады Икрамов.
БУУнун улгайган жарандарды изилдөө долбоорунун координатору Бурулсун Сүйүналиеванын айтымында, өлкөдө карылар жалпы калктын 7,5 пайызын түзүп, өлкөдө жаш мамлекет деп эсептелет. Изилдөөлөр боюнча Кыргыз Республикасы 2050-жылы улгайган адамдардын саны көп мамлекетке айланышы мүмкүн.