Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү кеңеши түзүлдү. Максаты – бизнес тармагы менен парламенттин алакасын күчөтүү. Кеңештин жетекчиси – спикер Чыныбай Турсунбеков, орун басарлары – депутат Абдывахап Нурбаев менен Соода палатасынын президенти Марат Шаршекеев.
Кеңештин башкы милдети өлкөдөгү бизнес чөйрөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү, инвестициялык абалды жакшыртуу жана ишкерликти колдоого алуу экени айтылды. Кеңеш ишкерлердин ишин көзөмөлгө алып, мониторинг жүргүзүү менен бизнес чөйрөсүн өнүктүрүүгө өз сунуштарын берүүчү аянт катары кызмат кылат деп түшүндүрүлдү.
Кеңештин биринчи жыйыны 2017-жылдын 3-февралында өтөт.