Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңеш Жогорку Соттун судьялыгына 3 талапкерди жактырды.
Талапкер Айбек Давлетовго 107 "макул", 5 "каршы" добуш берилди. Ал юридикалык тармакта 27 жыл иштеген. ЮСАИД Эл аралык сот системин реформалоо уюмунун аймактык директорунун орун басары болуп эмгектенип келген.
Талапкер Шерали Камчыбеков 107 "макул", 4 "каршы" добуш алды. Анын иш тажрыйбасы 20 жылдан ашат. Кыргыз Республикасынын адвокатурасында адвокат катары эмгектенген.
Талапкер Кеңешбек Токтомамбетов 104 "макул", 9 "каршы" добушка ээ болду. Анын юридикалык эмгек стажы – 31 жыл. Ал башкы прокурордун жардамчысы болуп иштеп келген.
Добуш берилген соң алар Жогорку Кеңеште ант беришти.
Белгилей кетсек, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьяларынын статусу жөнүндө" мыйзамга ылайык, Жогорку Соттун судьясы парламентте ант бергенден кийин өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.