Сокулук, Кемин жана Манас райондорунун акимдери кызматтан бошотулушту

Сокулук, Кемин жана Манас райондорунун акимдери кызматтан бошотулушту. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 2-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун Сокулук районунун акими Аманкан Кенжебаев, Кемин районунун акими Тынарбек Супатаев берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулушту. Мындан сырткары Талас облусунун Манас районунун акими Нурак Качкынбаев кызматтан кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан