Бишкектин түштүк жагында Субару Импреза унаасы дарак сүзүп, 3 адам каза болду

Бүгүн, 2-февралда болжол менен саат 20:30да Бишкектин Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү ВДНХ аймагында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарынан өздүк булак билдирип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады. Алдын ала айтылган маалымат боюнча, унаадагы 3 адамдын баары каза болгон.

Кырсык болгон жер курчоого алынып, ал жерге Жол-патрулдук кызматы, "Тез жардам", Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Куткаруу кызматынын кызматкерлери барышкан. Саат 21:30дарда унаалар үчүн жол ачылган.

"Субару Импреза унаасы даракты сүзүп алган. Учурда кырсыктын себептери такталууда", - деди ӨКМнын басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Muslim_KGstana.
2017-02-02 21:55:24
кааап ушул айдоочулар акырын эле айдап озу жана жанындагы жургунчулор уй-булоосуно,жакын адамдарына керек экендигин билип ар-дайым эстеп абайлап журушсо кана
+4
Ushakchy
2017-02-02 22:21:55
Muslim_KGstana., Импреза болсо, анда ото копкон бироо 180 ге басканго, опкосун коодуруп!
0
no.comment
2017-02-02 22:29:20
Ushakchy,Айтыш кыйын го эмне болгонун же кантип болгон, бирок созундо жан бар. 60-70 де баратып мындай катуу кырсык болушу кыйын
+1
Kroxa
2017-02-02 23:37:33
Сактансан сактайт..аз ылдамдыкта болгондо 3 адам каза болбойт эле 80.90дон деле мынча болбойт айдоочулар билет,,озум рульдамын билем бул айдоочу катуу урунган...
+1
Shaaaah
2017-02-03 02:23:18
Кудай сактаа
0
baltabai
2017-02-03 09:54:05
Кудай сактасын кырсыктан
0
baltabai
2017-02-03 09:55:39
Baltabai
Baltabai
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан