Өткөн суткада өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Бишкек шаарынын Ак-Бата конушундагы үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Ал жерден А.Ш. аттуу үйдүн ээсинин сөөгү табылган. Өрттүн себеби такталууда.