Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын 3-февралдагы отурумунда "Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президентти шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланууда.
Анын жүрүшүндө фракция лидери Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлердин шайлоо күрөөсүнүн көлөмүн жогорулатууну демилгеледи. "Азыркы мыйзамга ылайык, президенттикке талапкер 100 миң сом шайлоо күрөөсүн төлөп, телеэфирден акысыз үгүт жүргүзөт. Бул көлөм аз болгондуктан ондогон талапкерлер президенттик шайлоого катышып, бүт дүйнөгө шылдың болгонбуз. Ошондуктан талапкерлердин жоопкерчилигин жогорулатыш үчүн шайлоо күрөөсүн көтөрүш керек. Президенттикке талапкерлер менен сүйлөшсөм, алар үгүт иштерине 300-500 миллион сомдон жумшоого даяр экенин айтышууда", - деди Бабанов.