Депутаттар Таш-Көмүр шаарынын ички жолдору каралбай калганын айтышты

Таш-Көмүр шаарынын ички жолу транзиттик жолго айланды. Мындай пикирин бүгүн, 3-февралда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында депутат Абдыкапар Султанов билдирди.

Анын айтымында, Чаткал, Ала-Бука райондоруна баруучу автоунаалар Таш-Көмүр шаары аркылуу өтүп жатышат.

“Ички жол болбой эле, транзиттик жолго айланды. Шаардын жолдору каралбай калды”, - дейт депутат.

Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов айыл жеринде жана кичи шаарларда жолдор 25 жылдан бери каралбай жатканын айтты. “Жакын арадан баштап айылдардагы, шаарлардагы жолдорду оңдоого каражат бөлүнүп жатат”, - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан