Кечээ Бишкекте жол кырсыгынан каза тапкандардын экөө студент, бири мектеп окуучусу болгон

Кечээ, 2-февралда Бишкектеги Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн ВДНХ аймагында жол кырсыгынан каза болгон мектеп окуучусу менен эки студенттин аты-жөнү аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, унааны 1998-жылы туулган Ф.Н. айдап бараткан. Унаанын ичинде Кыргыз-Орус Славян университетинин 2-курсунун студенти, 1996-жылы туулган Анна Н. жана №37-орто мектептин 11-классынын окуучусу Тимур Х. болгон.

Кырсыкка күбө болгондордун айтымында, Субару Импреза унаасынын айдоочусу катуу ылдамдык менен айдап бараткан. Такси кызматынын унаасы жолдун каршы тилкесине чыкканда Субару такси унаасынан буйтап, жолдун четинен чыгып даракты сүзүп алган.

Бишкектеги кырсык (2.02.17)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Adil706070
2017-02-03 11:36:29
катуу ылдамдыкта десенер
-1
Migrant-rf
2017-02-03 11:47:31
Учоотен кыргыздар эмес экен, чагымда олло ичип алып, анан газды болушунча басканго. Эгер акырын журсо мынчалык чачылбайт эле унаасы.
-6
Tekecher
2017-02-03 12:27:43
Эххххх окунучтуу! Ошондуктан жигиттер кыздарды машинага салып жургондо абайлагылаа, башкача энергиясы болот
+4
modern-group
2017-02-03 13:42:10
мына жолдун корунгон жеринен бурулуп ары бери откон таксисттердин алып келген жакшылыгы ! эмне болбо кайсы жерде болбо бироонун олумуно себепкер болуудан корк!
+2
Seiil.94
2017-02-03 15:59:59
Ар бир адамдын озунон.акырын жургон коп жашаптыр дегендей.
0
Kakaly
2017-02-03 19:46:47
Ф.Н А.Н Т.Х дебей ачыгын эле жазып койсонор бироо штраф салабы???
+5
Kroxa
2017-02-04 00:20:09
Ошону айтсан деги олду ажалы жетип,,же кылмышкерлерби эмне???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан