Парламент депутаттары Гүлкан Молдобекова менен Сайдулла Нышанов 2-февралда АКШ президенти Дональд Трамптын сый тамагына катышты. Иш-чарага Кыргыз өлкөсү тараптан Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Кадыр Токтогулов, Кыргыз мамлекетинин Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Миргүл Молдоисаева да катышканын ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, улуттук сый тамак АКШда жылда өтүүчү иш-чара болуп саналат. Ал 1953-жылдан бери февраль айынын алгачкы бейшемби күнү АКШ президентинин катышуусунда Вашингтон шаарында өткөрүлүп келет. Максаты - дүйнө өлкөлөрүнүн саясий, диний, бизнес элитасынын өз ара байланышын чыңдоо.
Былтыркы сый тамакка Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Аскарбек Шадиев катышып келишкен.