Депутат шайлоолорду жайында өткөрүүнү сунуштады. "Суукта шайлоо урналары иштебей калат экен"

Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын 3-февралдагы отурумунда "Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президентти шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланууда.

Анын жүрүшүндө депутат Таабалды Тиллаев шайлоолорду жайында өткөрүүнү сунуштады. "Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо урналар бузулуп жатты. Миңдеген шайлоочулар добуш бере албай калышты. Адистердин айтымында, шайлоо урналарынын иштебей калышынын себеби сууктан болду", - деди депутат.

Мындан тышкары ал жыйынга чакырылып, бирок ага келбеген Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабековага карата нааразычылыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан