2016-жылы коргоочу курулмаларды куруу, жээктерди бекемдөө боюнча 107 объектиде жумуштар аткарылган. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 12 чакырымдан ашык дамба, 9 чакырымга жакын сел өтүүчү канал, 21 ички чарбалык көпүрө, 1 гидропост, 2 темир бетон, 177 метр тиркегич курулган. Анын жыйынтыгында 12 295 кожолук, 11 352 гектар айыл чарба аянты, 6 мектеп, 1 лицей, 1 оорукана, 1 бала бакча жана 1 ФАП корголгон.