Кошунасынын унаасынын терезесин талкалаганга шектелип 43 жаштагы аял кармалды

1-февралда Бишкек шаарынын 46 жаштагы Т.Б. аттуу тургуну Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына бейбаштык жөнүндө маалымдап, арыз менен кайрылган.

Арызында 1-февралда болжол менен саат 18:40та үйүнүн жанында токтоп турган Хонда Одиссей унаасынын терезесин Назира аттуу кошунасы себепсиз талкалап салганын жазган.

"Арыз боюнча Биринчи Май районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобунун кызматкерлери кылмыш болгон жерге барып, 43 жаштагы А.Н. аттуу шектүүнү кармашкан", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
juma11anara
2017-02-03 12:25:50
Назира аттуу кошунасы.
Шектуу А.Н. кармалды.
Ха-ха-ха............
+4
Umarbalapanym
2017-02-03 13:21:38
Админ Жибек Нукеева жонундо маалымат бергилечи сураныч,эмне болду операция болдубу,шишиги кетиптирби.
+2
baltabai
2017-02-03 14:38:23
Uiat elego
+2
Bubu88
2017-02-04 03:27:00
Жондон жөн талкалабайт жинине тийип койгон да анан алсыз аял эмне кылышын билбей машинасын талкалады барып мушташайын десе алып жетпейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан