“Өнүгүү-Прогресс” фракциясында өкмөттү отставкага кетирүү маселеси каралып жатат

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы бүгүн, 3-февралдагы жыйынында өкмөттү отставкага кетирүү маселесин карап жатат. Фракция лидери Бакыт Төрөбаев Кыргыз мамлекети ЕАЭБге киргенден кийин экономикалык өсүш болбогондугун айтты.

"Өкмөт башчы өз каалоосу менен кетишин сунуштайт элем. Эч кандай өзгөрүү болбойт. "Кудай буйруса" деген сөздөн башка эч нерсе кылган жок. Жарым жылда бир топ иштерди аткарса болот да", - дейт.

Ал эми депутат Камчыбек Жолдошбаев өкмөт башчы иштебей жатат дегенге кошулбай турганын айтты. Ошондой эле убакыт берүүнү сунуштады.

Бакыт Төрөбаев Камчыбек Жолдошбаевге: "Сиздин кечээ оюңуз башкача эле, бүгүн башкача болуп калыптыр. Жээнбеков Кыргыз Республикасынын тарыхында эң алсыз өкмөт башчы болду", - деди. Учурда фракция жабык эшик артында бул маселени кароого өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан