Брэд Питт менен ажырашып, үй-бүлөлүк көйгөйлөрүнө байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмундагы милдеттеринен алыстай түшкөн актриса Анжелина Жоли кайрадан аталган уюмдагы элчилик жумушуна кайтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 3-февралда жазып чыгышты.
Актриса "The New York Times" басылмасына "Качкындарга болгон мамиле коркууларга эмес, фактыларга негизделиши керек" деген аталыштагы кат жолдогон. Анын мындай кадамга барышына АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын качкындарды кабыл алууну 4 айга, сириялык качкындарды аталган өлкөнүн аймагына киргизүүнү белгисиз мөөнөткө токтоткону тууралуу буйруктун чыгышы менен байланыштуу болгон.
"Планетанын ар кайсы жеринде төрөлгөн 6 баланын энеси жана Американын жараны катары мен биздин өлкө балдарым үчүн, чет элдиктердин балдары үчүн да коопсуз болушун каалайм. Ошондой эле ата-энелери менен коргоого муктаж качкын балдар кайрымдуу Америкага таяна алышарына ишенгим келет. Биз кимдир бирөөнүн тутунган динине, жарандыгына карап алардын АКШга кирүүсүнө тыюу салбай деле өлкөнүн коопсуздугун камсыздай алабыз", - деп жазган актриса өз катында.