Бишкектеги Щербаков жана Тынчтык көчөлөрүнүн кесилишинде 1-февралда саат 22:00 чамасында Биринчи Май РИИБинин Баңгизатты мыйзамсыз айландырууга каршы күрөшүү тобунун рейддик иш-чарасында 20 грамм гашиш менен эки тургун кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-февралда билдирди.
"Рейд маалында 40 жаштагы Ш.Анын күрмөсүнүн оң чөнтөгүнөн жана 23 жаштагы Т.Ч. аттуу жарандын шымынын оң чөнтөгүнөн пресстелген белгисиз зат табылган. Экөөнөн алынган заттын жалпы салмагы 20 грамм болгон", - деп айтылат маалыматта.
Белгисиз зат изилденген соң гашиш экени аныкталган. Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (мыйзамсыз түрдө баңгизат сактоо жана алып жүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, азыркы маалда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.