Өспүрүмдү суицидден баш тартууга чакыруу тескери натыйжа бериши мүмкүн. Мындай оюн бүгүн, 3-февралда психолог Перизат Асылбаева билдирди.
Анын айтымында, Европада 18-кылымда Иоганн Гётенин "Жаш Вертердин азабы" чыгармасы жарыкка чыкканда, көптөгөн өспүрүмдөр чыгарманын башкы каарманындай өзүн өзү өлтүрүүгө барышкан. "Өспүрүмдөрдүн суициддер маселеси мурда эле болгон. Массалык маалымат каражаттары канчалык активдүү бул маселени көтөрө берсе, балдардын өз жанын кыюуга түрткү болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө мектептерибизде психологдор жетишсиз. Суициддердин алдын алуу үчүн тренингдерди уюштуруу зарыл. Тренингдерде суицидден баш тартууга чакыруунун ордуна келечектеги максаттарды талкуулаш керек, команданы бирикттирүүчү оюндарды өткөрүү зарыл. Эгер баладан суицид кылбоону суранышса, ал "Колумдан келбейби?" деп өз жанын кыюуга барышы мүмкүн", - деди психолог.