Бишкек мэриясы: "Шаардын көчөлөрүнө 6 миң электр жарыгын үнөмдөөчү чырактарды орнотуу пландалууда"

Борбор шаарда электр жарыгын үнөмдөөчү чырактарды орнотуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"2017-жылы жалпысынан калаанын 38 көчөсүнө 6 миң электр жарыгын үнөмдөөчү чырактарды орнотуу пландалууда. Ал эми "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери узундугу 20 чакырым тышкы жарыктандыруунун зымын алмаштырууну көздөөдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек шаарында тышкы жарыктандыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Буга чейин жыл башынан бери Шабдан баатыр, Токтогул көчөлөрүнө 260 даана заманбап светодиоддук чырак орнотулган. Учурда Юнусалиев көчөсүндө оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ali1995
2017-02-03 14:22:23
Ошонтсе болот экенги.казахстандын россиянын устунон учсан жап жарык булутун устунон билинет.а бишкеке келсен кап карангы уйлордун эле жарыгы корунот кичине болуп
0
korgoshun
2017-02-03 23:53:17
Куру соз баягы эле... кочолордо бассан капкарангы коркосун баскандан. Коебуз деп тээ качан ле айтышкан...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан