Айыл чарба министрлиги Воронеж агрардык университети менен макулдашууга кол койду

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Воронеж мамлекеттик агрардык университетинин ортосунда билим берүү тармагында кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлду. Ага айыл чарба министри Н.Мурашев менен жогоруда аталган окуу жайдын ректору Н.Бухтояров кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы 2-февралда билдирди.

Макулдашууга ылайык, эки тарап билим берүү, илим, тажрыйба топтоо, окуган өлкөдө жумушка орноштуруу жаатында биргелешип иш алып барышат. Мындан сырткары академиялык жана илимий жаатта студенттер, аспиранттар, административдик кызматкерлерди алмашуу белгиленген.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын орто мектептеринин бүтүрүүчүлөрү Орусиядагы агрардык билим берүү системиндеги ири окуу жайлардын биринде билим ала алышат. "Бюджеттик негизде 36 абитуриентке орун берилет. Алар агрономия, агрохимия жана жер кыртышын изилдөө, багбанчылык, агроинженерия, ветеринария, ветеринар-санитардык экспертиза, зоотехния, жердин түзүлүшүн изилдөө, айыл чарба азыктарын өндүрүү технологиясы, чийки заттардан тамак-аштарды даярдоо багыттары боюнча билим алышса болот", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан