SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Төрөт учурунда жаныңызда жолдошуңуз болсо..." деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Эң туура. Кантип төрөп жатканын эркек дагы көрүш керек. Билиш керек, кантип кыйналганын. Бирок анча-мынча адамдар кусуп же эси ооп жыгылып түшсө керек көргөндө".
"Кыргыз эле эмес, бүт көчмөн элдердин салтында, ислам дининде төрөт учурунда аялдын жанында эркектин болуусу туура эмес. Төрөп жаткан кезде жанында көптү көргөн байбичелер, жаш аялдар болушат. Батыштын идеологиясына багынып салт менен динди чана бересиңерби?"
"Төрөт учурунда аялынын жанында күйөөсү колдоп турганын мен жакшы көрүнүш катары кабыл алам. Эң жакын, сүйгөн адамың жаныңда болгону жакшы да. Менин бир жеңем уулун төрөгөндө агам жанында болгон экен. Ошондон кийин "кадырыңды билип, көзүңө карап калат экен" дейт".
"Менин оюмча, эркектердин катышуусу туура эмес. Анткени төрөө - бул аялдардын сыры гана болуш керек. Көп жолу элдерден уккан элем "аялынын төрөтүнө катышкан жубайлар бат эле ажырашып кетишет" деп. Эркектер аялдарынан жийиркенип калышат экен".
"Мен кирем, ар дайым жанында болом, 12 саат болсо дагы".
"Жан шеригиң жакшы сөзүн айтып, чекеңден сылап турса эмнеге болбосун? Бир топ эле дем-күч берет го. Буюрса, 3-балабызды күтүп жатабыз. 6 айдан соң күйөөм жанымда болуп калса, төрөтүмө киргизем деп кымыңдап жүрөм, өзүнө айта элекмин".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.