Бүгүн, 3-февралда “Өнүгүү-Прогресс” фракциянын жыйынында депутат Абдумажит Юсуров транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловдон Чолпон-Ата-Алматы жолунун курулушу качан башталарын сурады.
Эл өкүлү унаа жолдору өлкө экономикасынын, анын ичинде туризм тармагынын өнүгүшү үчүн өтө маанилүү экенин айтты.
Ал эми Жамшитбек Калилов учурда Казакстан аталган жолду куруу үчүн инвестор издей баштаганын билдирди. “Бул жол Казакстандын түштүк борбору менен Ысык-Көл облусундагы туризм катнашындагы кыйынчылыктарды кыйла кыскартат. Азыр жолдун техникалык-экономикалык негиздемесинин долбоору да иштелип чыгууда”, - деди министр.