Кырсыктардын алдын алуу максатында өлкө аймагында жайгашкан тоо-кен жана өндүрүш ишканаларынын тез арада куткаруу бөлүктөрүн түзүп, жумушчулардын коопсуздугун камсыздап бериши талап кылынды. Бул тууралуу 3-февралда Мамлекеттик экотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.
"Көпчүлүк тоо-кен жайларында куткаруучу бөлүктөр жок. Айрым ишканаларда болгону менен, алардын түрдүү кырсыктарды жоюуга мүмкүнчүлүктөрү ченелүү. Анткени өндүрүш объектилеринде өрттөн сырткары селдин жүрүшү, электр чордону, калдык сактоочу жайлардын жарылуулары мүмкүн. "Бозумчак” кен ишканасын текшерүүдө Мамлекеттик экотехинспекция тарабынан атайын адистештирилген куткаруучулардын жоктугу аныкталды. Ишканага жакынкы куткаруучулар пункту 200 чакырым алыстыкта жайгашкан", - деп айтылат маалыматта.