Жыл башынан бери 6 жер көчкү түшүү фактысы катталган. Бул тууралуу бүгүн, 3-февраль күнү SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментинин директору Анаркул Айталиев билдирди.
"Жер көчкүнүн түшүшүнө жаан-чачындын нормадан көп болуп жатышы жана жер титирөөлөр себеп болууда. Алсак, 2016-жылы 3800дөн ашык жер титирөө фактысы катталган. Ал эми жаан-чачын жылдагыдан дээрлик 3 эсеге көп", - дейт Айталиев.
Айта кетсек, 2016-жылы өлкө аймагында 17, 2015-жылы 11, 2014-жылы 3 жер көчкү түшкөн. Ал эми жер көчкү түшүү коркунучу бар делген 5000ге жакын тилке бар.