Баткен облусунда катталган жер титирөөдөн социалдык имараттарда жаракалар пайда болду

Баткен облусунда катталган жер титирөөдөн социалдык имараттарда жаракалар пайда болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсүнөн улам Баткен шаарында 2 мектептин жана Баткен районунун Дара айыл аймагынын Чек айылында 1 бала бакчанын дубалдарында майда жаракалар пайда болгон. Мындан сырткары Чек ара кызматынын "Чарбак" тозотунун имаратынын дубалдары жарылган.

Эске салсак, бүгүн саат 10:36 чамасында Баткен облусунун аймагында 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
BekturBBB
2017-02-03 17:45:58
катуу силкиди мен 4 кабатта жашайм. аябай чочуп кеттим(( терезелер эшиктер ачылып кетти
0
baltabai
2017-02-03 23:03:57
Оа катуу болду мен чай ичип отурат элем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан