"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Театрда көрүүчүлөр тазалыкты сактабагандыгы үчүн орундуктар кир" дейт Ош облус башчысынын басма сөз кызматы

Оштогу Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театрындагы орундуктардын каптамалары ал жакта концерттер көп болуп, көрүүчүлөр тазалыкты сактабагандыгы үчүн кир абалга келгенин бүгүн, 3-февралда КРнын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматкери Жумамидин Сулайманкулов SUPER.KG порталына билдирди.

"Орундуктардын каптамалары 2016-жылга карата жаңыртылган. Алар ушул жылдын жай айында алмаштырылары белгилүү болду. Акыркы учурда бул театрда концерттер көп өтүп жатат. Ошондой эле көрүүчүлөр тазалыкты сактабай, кичинекей балдар жеген шоколадына булганган колу менен орундуктарды кармап, булгап коюшат. Бардык орундуктар кир эмес", - деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө Оштогу Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театрындагы орундуктардын каптамалары өтө кир абалда экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
aseras
2017-02-03 17:31:32
Баары эле кир эмес болсо ошол кирлерин алып жууп кайра кадап койсонор колдорунар калтырак басабы?Темболее бары эмес экен.
+4
tynara81
2017-02-04 00:40:42
aseras,++++++
0
aseras
2017-02-03 17:34:06
Жалкоого шылтоо коп.Жайында алмаштырат деп коет.Алмаштырбай эле ошону 1жылда 3жолу жуусанар болот.
+6
nur.akturpak
2017-02-03 17:46:39
Ушул да жооб болдубу. Миндеген акча тушот ар концерттен, ошонун чекесинен жууп тазалап койсо болот.
+6
sabyr86
2017-02-03 17:47:01
Бир чети туура,тазалыкты да сакташ керек.концертке кирип алып семичке чагып,суу ичип,пирожки жегендерди көрсөм жиним келет.
+1
Kroxa
2017-02-03 17:47:03
Биздин Караколдуктар маданияттууго театрда орундуктар таптаза чекчейип эле турат баары союз маалынан бери..
+4
aikokul14
2017-02-03 18:03:48
Ушундай деп жооп бериш уят,уч айда бир жууса да мындай абалга келбесе керек.
+5
zhykyo
2017-02-03 20:15:53
Тазала иштей албасан кет
+4
baltabai
2017-02-03 20:43:40
Kir go
+1
Namystan
2017-02-03 21:17:42
Отуруп алышып пирожки, самса жесе бат эле кирдейт да анан
-4
AykaMer
2017-02-03 23:20:50
Качанга чейин силердин какач,киринерди тазалайт окмот. Силер таза болсонор коом да таза болот да. Аны муну жеп кармалап,анан тазалабайт кир го дегенинер кандай?! Жууп тазалагандар бизге окшогон эле адамдар да. Тазалыкты кармасак аларга деле женилдик берилген болот да... Отуруп алып ойлонбой жазганынар зээнди келтирет да...
-1
arzygulR
2017-02-04 01:25:36
AykaMer,туура айтасыз 100%
0
Samat-89-kg
2017-02-03 23:49:08
Бул жерде да кайдыгерлик.. Ар бир Адам Жоопкерчиликти мойунуна алыш керек.
+1
rusi0005
2017-02-03 23:52:21
Эл эмни айтпасын булардын жообу даяр, эгерде жакшы жетекчи болсо иштин козун билген адам болгондо бунчалык создор айтылмак эмес, азыркы дырам театро такыр заманга жооп бербейт деп ойлом
+2
tynara81
2017-02-04 00:44:30
2016-жылга карата жаңыртылган дептир. Демек бир жылда бир жолу жаңыртылат экен. Мезгил мезгили менен жууп туруу жок окшойт демек, силер 3 айда бир жууп турбайбы дейсиңер. Дагы бирөөңөр жуугандар биздей эле адам депсиңер, менимче каптамалар жуулбайт окшойт го.
+3
Seiil.94
2017-02-04 01:55:11
Отурган адамдар кыргыз болуп атбайбы.
+1
Bubu88
2017-02-04 03:19:37
Иштетип иштетип акча эле алганды билбей жууп тазалап барктаганды да билиш керек. Ошол адамдар бекер кирген жок театрга акча төлөп кирди акча бергенде жакшы э анан отуруп эс алып кеткенден кийин жаманына айланып чыга келет. Бирдеме болсо элге шылтап жаман уйронушуптур. Эл бар силер жашап журосунор
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан