КСДПнын дагы бир депутаты мандатын тапшырды. Анын ордуна Айнура Осмонова келмекчи

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаты Искендер Кадыркулов мандатын тапшырды. Бул тууралуу SUPER.KG фракциянын катчылыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, И.Кадыркулов "Түндүк электр" ишканасынын башчысы болуп дайындалды. Анын мандаты КСДПнын тизмеси боюнча Айнура Осмоновага берилмекчи. Осмонова "ЭкоИсламикБанк" жабык акционердик коомунун Жалал-Абад шаарындагы филиалынын жетекчиси.

Айта кетсек, 2017-жылдын январь айынын соңунда Нурмухаммат Баяхунов (КСДП) өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганы белгилүү болгон. Анын ордуна парламентке партиянын тизмеси боюнча Аалы Карашев келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан