Ош шаарында наристелердин 56 пайызы балдар бакчасына барышпайт. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2010-2014-жылдар аралыгында Ош шаарында бир да жаңы мектеп, мектепке чейинки билим берүү мекемеси курулган эмес. Статистикалык маалыматтарга таянсак, калаада балдардын 44 пайызы гана балдар бакчаларына барат.
"Акыркы 3 жыл аралыгында 740 орундуу 1 мектеп, 625 орунга ылайыкташкан 7 бала бакча курулуп, пайдаланууга берилген. Мындан сырткары 27 спорттук жана балдар аянтчалары курулган. Учурда дагы 2 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.