Бишкекте 6-февралдан 12-февралга чейин республикалык деңгээлде окуучуларынын арасында илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын алкагында окумуштуулар, эмгек ардагерлери менен жолугушуулар өткөрүлүп, Илимий-изилдөө институтуна экскурсиялар уюштурулат. Ошондой эле окуучулардын инженердик-техникалык адистикке кызыгуусун артыруу максатында интеллектуалдык сынактар өткөрүлөт. Жумалык Билим берүү министрлиги жана "Алтын уя" окутуу академиясы тарабынан уюштурулуп жатат.