Боинг 747 кырсыгынан жабыркаган 8 үй-бүлөгө убактылуу жашоо үчүн турак жай берилди

Боинг 747 авиакырсыгынан жабыркаган 8 үй-бүлөгө убактылуу жашоо үчүн турак жай берилди. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аларга турак жайлар Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагынан берилди.

"Жабыркагандар көчүрүлгөн батирлерде жашоого керектүү бардык шарттар каралган. Мамлекет тараптан 11 үй-бүлө убактылуу турак жай менен камсыздалган. Ошондой эле учурда "Семетей" мейманканасында жашап жаткан, үйү авиакырсыктын натыйжасында жарым-жартылай зыянга учураган бир үй-бүлөнүн турак жайын калыбына келтирүү иштери жүргүзүүлүүдө", - деп жазылган маалыматта.

Эске салсак, "Семетей" мейманканасында 49 адамдан турган 12 үй-бүлө жашап жаткан, анын 30у – чоңдор жана 19у – жаш балдар. Эми үч үй-бүлө жакынкы арада турак жайларга көчүрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан