Премьер-министр ички иштер органдарынын кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды

КРнын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-февралда өткөн Ички иштер министрлигинин коллегиялык жыйынында 2016-жылы артыкчылык көрсөткөн бир катар кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөттүн Ардак грамотасы менен Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштешүү инспекциясынын инспектору Айпери Анарбекова, Талас облустук патрулдук милициясынын инспектору Ажыбай Асанбеков, Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Рахатбек Мурзакматов сыйланды. Мындан сырткары 4 кызматкерге саат белек кылынса, 5 кызматкерге ыраазычылык каты тапшырылды. Ошондой эле ИИМдин сыйлыгын 5 ички иштер кызматкери алды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан