Бишкекте Медакадемиянын кафедра башчысы киши колдуу болуп каза тапты

КРнын ИИМинен кечээ түнү Бишкектин Жумушчулар шаарчасында киши колдуу болгон жаран Кыргыз мамлекеттик Медициналык академиясынын акушерчилик жана гинекология кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору Асанкан Шаршенов экендигин билдирди. Министрликтин маалыматында, аны кечээ 23:45тер чамасында Беговой көчөсүндөгү №3-үйдүн жанында белгисиз бирөө тапанча менен атып кеткен. Учурда киши өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан