Ош-Кызыл-Жар унаа жолунда кар көчкү алдында калган аскер каза болду

Бүгүн, 4-февралда Ош-Кызыл-Жар унаа жолунда кар көчкү жүрүп, Чек ара кызматынын бир аскери каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

"4 аскер УАЗ унаасы менен Кызыл-Жар айылына Ош шаарынан бара жаткан. Терек-Чаты жергесинде унааны кар көчкү басып калган. Аскерлер жолду кардан тазалай башташканда, күтүүсүздөн экинчи ирет кар көчкү түшкөн. Анын астында 1992-жылкы сержант А. уулу Н. калып каза болду", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Бүгүн болжол менен саат 05:30да кырсык болгон жерге барган чек арачылар жана Жол эксплуатациялоо башкармалыгынын кызматкерлери аскердин сөөгүн табышканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
salimbek87.kg
2017-02-04 10:28:11
Айтпай келген кырсыктан сакта Аллахым .Жаткан жери жайлуу болсун сабр берсин жакындарына.
+10
kirgizstan
2017-02-04 10:41:54
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
Аллах баарыбызды боодо кырсыктан сактасын.

XXX
+11
Kaary
2017-02-04 11:05:59
kirgizstan, ал жараандын жеке жашоосуна түйшүк алып келбөөсү үчүн! Бул бир чети жакшы, бир кезде таекесинин колундагы бала зордукталган деген жаңылыктар деле толук жазыла берген да. А бул шумдук архивте калбаса да элдин эсинде калат! Анан айтат эртең депутат же министр болсо сен зордукталган экенсиң ошол кезде деп. Айтаарым бул жакшы эреже!
+2
Tamara.kgz
2017-02-04 11:07:59
Ооа жаткан жери жайлуу болчун. Мен да сиздин пикиринизге кошулам емне себептен толук аты жонун жазбайсынар?
0
aseras
2017-02-04 11:41:38
Жазганы зээригишеттир да
0
Alixan-Nookat.2015
2017-02-04 12:01:22
Ушундай тоолу аймактарда кызмат кылган чек арачыларга даңк!
+6
baltabai
2017-02-04 13:25:31
Kar
0
gulbastym.87
2017-02-04 16:13:17
Кудай сактасын боодо кырсыктан,Ош-Кызыл-Жар жолу ото татаал айрыкча кышындасы,жакындарына сабыр тилеймин Нурдиндин жаткан дери жайлуу болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан